Меню
Эл-Сөздүк

Сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети

Бул, эки же бир нече акча бирдиктеринин, ар кайсы өлкөлөрдүн валюталарынын катышы, ал товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн белгилүү бир тобуна карата алардын сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча белгиленет. Сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети товарлардын белгилүү бир тобу боюнча белгиленген жеке жана бардык коомдук продукт боюнча белгиленген жалпы болушу мүмкүн. Мисалы, керектөө товарларынын бир эле топтому, айталык керектөө куржуну 1500 сом жана 50 АКШ доллары турат дейлик, анда сатып алуу жөндөмдүүлүк паритети 1 500 : 50 = 1 доллар үчүн 30 сомду түзөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: